Пилотный проект «Урок без смартфона»
Борбор калаадагы мектептердин биринде “Смартфонсуз сабак” пилоттук долбоору ишке кирди
№70 УВК мектебинде “Смартфонсуз сабак” пилоттук долбоору ишке кирди. Ар бири 30 уячалардан турган кулпулары бар 140 куту сатып алынды. Окуучулар сабак учурунда гаджеттерин номерленген уячаларга коюшат. Сабак аяктагандан кийин тыныгуу маалында алар кайра телефондорду колдонуп, ата-энесине, туугандарына чала алышат. Кутулар мектептин баардык класстарында орнотулган. Долбоор Бишкек шаардык кенешинин депутаты Рамина Идырованын, Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын жана Биринчи май райондук администрациясынын колдоосу менен ишке ашырылды.
Депутат Рамина Идырова белгилегендей, долбоордун максаты – биринчи кезекте балдардын ден соолугу, анткени гаджеттер ар кандай көз ооруларына шарт түзөт. Мындан сырткары, окуучуну телефонго алаксыбай, көңүлүн толугу менен сабакка бура алат, бул окуу көрсөткүчүнүн жогорулашына алып келет. «Балдардын социалдашуусу , башкача айтканда, телефондордогу оюндар аркылуу эмес, өз ара түз баарлашуу маанилүү», – деп жыйынтыктады Идырова.
Директор Чолпон Мелсбековна мектеп жетекчилеринин, мугалимдердин жана ата-энелердин пикирлери экиге бөлүнүшү мүмкүн, долбоорду колдогондор да, бул идеяны жактырбагандар да болот, деп эсептейт. Долбоор ийгиликтуу боло турган болсо, ал шаардын бардык мектептеринде этап менен ишке киргизилет.
Ошондой эле депутаттын жардамы менен мектепте ажатканаларды оңдоо иштери жүргүзүлүп, чоң интерактивдүү панель жана 6 ноутбук сатып алынды.
Источник информации: https://www.facebook.com/bishkekgorkenesh/posts/567234342095101
Комментарии