УВК ШГ №70 Учебно-воспитательный комплекс школа-гимназия №70

Мамлекеттик тил борбору

«Көп маданияттуу жана көп тилдүү атуулдук көз караштагы активдүү инсанды калыптандыруу»

Мамлекеттик тил борборунун милдети- «КРнын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруу:

— мыйзамга байланышкан өкмөттүн токтомдорун аткаруу;

—окуучуларды кыргыз тилин кыргыз мамлекетин сүйүүгө кызыктыруу;

— кыргыз адабияты, маданияты, искусствосу, тарыхы, географиясы;

—билимдерин мамлекеттик тилде билдире алуусуна жетишүү.

№70-гимназия-мектебинин тил борборунда 18 мугалим эмгектенет. Алардын ичинен

—15 мугалим — жогорку категорияда;

—1 мугалим — 1 категорияда;

—2 мугалим — II категорияда;

—9 мугалим — Эл агартуунун отличниги.

Мугалимдер тарабынан Республикада жарык көргөн газета-журналдарга үзгүлтүксүз ачык сабактардын иштелмелери жарыяланып турат. Башталгыч класстын мугалимдери тарабынан түзүлгөн жат жазуунун жыйнагы жарык көрдү

Кыргыз тилин окутуу мамлекеттик компоненттин негизинде

—предметтик билим берүү стандарты;

—окуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин

1-11кл. үчүн кыргыз тилинин программасы;

—ылайыкташтырылган;

—эксперименталдык;

—атайын курстун жана кошумча билим берүү программалары түзүлгөн.

Кыргыз тили боюнча түзүлгөн программалар

Кыргыз адабияты боюнча түзүлгөн программалар

Зээндүү окуучулар менен иш алып барууда жана алардын чыгармачыл потенциалын көтөрүүдө «Олимпиадага даярдоо курсу» (ШОР) иш алып барат. Жыйынтыгында көп жылдардын аралыгында кыргыз тили жана адабияты сабактарынан райондук, шаардык олимпиадаларга окуучулардын активдүү катышуусуна көмөк көрсөттү.